> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектеги Көк-Жар айылында 750 орундуу мектеп курулууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/28/bishkektegi-kok-zhar-aiylynda-750-orunduu-mektep-kuruluuda/
- Published: 2026-05-28T06:05:34.000Z
- Updated: 2026-05-28T06:05:33.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бишкек шаарынын Көк-Жар айылында 750 орунга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.**

Маалыматка ылайык, курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын февраль айында башталган. Учурда имараттын үчүнчү кабатынын бетон төшөө иштери аяктады.

> Долбоор боюнча үч кабаттуу мектеп имаратынын жалпы аянты 3348,9 чарчы метрди түзөт. Анда заманбап окуу класстары, лабораториялар, китепкана, компьютердик класстар, ашкана, жыйындар залы жана спорт залы каралган.

Министрлик курулуш иштеринин сапаты тиешелүү департаменттер тарабынан көзөмөлдөнүп жатканын маалымдады.

Белгиленгендей, Бишкек шаарында мындан тышкары дагы 19 мектеп республикалык бюджеттин эсебинен курулууда.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/--------------------------2026-05-28----11.54.07.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/--------------------------2026-05-28----11.54.12.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/--------------------------2026-05-28----11.54.19.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/1-90.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/2-70.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/--------------------------2026-05-28----11.56.01.png)