> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан эл аралык издөөдөгү жаранды Францияга өткөрүп берди
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/28/kyrgyzstan-el-aralyk-izdoodogu-zharandy-frantsiiaga-otkorup-berdi/
- Published: 2026-05-28T12:10:53.000Z
- Updated: 2026-05-28T12:10:53.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, экстрадиция Бириккен Улуттар Уюмунун Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы конвенциясынын алкагында жана эл аралык милдеттенмелердин негизинде ишке ашырылды.**

Франциянын компетенттүү органдарынын маалыматы боюнча, аталган жаран кылмыштуу топтун курамында чет өлкөлүк жарандардын Францияга жана Шенген аймагындагы айрым мамлекеттерге мыйзамсыз кирүүсүнө көмөктөшүүгө шектелүүдө.

> Экстрадиция Башкы прокуратура менен Интерполдун Кыргызстандагы Улуттук борбордук бюросунун координацияланган ишинин натыйжасында камсыздалганы белгиленди.

Башкы прокуратура кылмыш жоопкерчилигинен жашырынып жүргөн адамдарды издөө жана экстрадициялоо боюнча эл аралык кызматташтык мындан ары да улантыларын билдирди.