> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# MCN Coin иши боюнча Исрадин Субанбеков 7 жылга соттолуп, Юруслан Тойчубеков акталды
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/28/mcn-coin-ishi-boiuncha-isradin-subanbekov-7-zhylga-sottolup-iuruslan-toichubekov-aktaldy/
- Published: 2026-05-28T10:12:21.000Z
- Updated: 2026-05-28T10:12:21.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**MCN Coin иши боюнча Бишкектин Биринчи Май райондук соту 26-майда чечим чыгарды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан маалымдашты.**

Соттун өкүмүнө ылайык, Юруслан Тойчубеков күнөөсүз деп табылып, акталган.

> *Исрадин Субанбеков күнөөлү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо жана эки жылдык мөөнөткө виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндө иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен 7 жылга эркинен ажыратуу, жалпы режимдеги түзөтүү колониясында өтөө өкүмү чыгарылган.*

М. у. Б. үй-мүлкүн конфискациялоо менен алты жылга эркинен ажыратылды.

М.Д.С. 3 жыл, Б.У.Р. 3 жыл, К.Н.Сга карата 3 жыл пробациялык жаза чегерилди.