> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өлкөдөгү мал союучу жайлар текшерилди
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/28/olkodogu-mal-soiuuchu-zhailar-teksherildi/
- Published: 2026-05-28T05:22:31.000Z
- Updated: 2026-05-28T05:22:31.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Курман айт майрамына карата республиканын бардык аймактарындагы мал союучу жайларда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы тарабынан мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралууу Суу ресурстары, айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, мониторингдин жүрүшүндө мал союучу жайларга киргизилген малдардын кулак биркаларынын, ветеринардык коштоочу күбөлүктөрүнүн жана тиешелүү документтеринин бар-жогу текшерилди. Документтери жана биркалары жок малдарды союучу жайларга киргизүүгө тыюу салынып, мал ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

> *Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы жарандарды азык-түлүк коопсуздугуна жана коомдук саламаттыкка жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат.* 

Малдарды союуга алып келүүдө кулак биркаларынын жана ветеринардык коштоочу документтердин толук болушу милдеттүү экендиги эскертилди.