> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук статистика: Кыргызстандыктардын көбү жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/28/uluttuk-statistika-kyrgyzstandyktardyn-kobu-zhurok-kan-tamyr-oorularynan-kaza-boluuda/
- Published: 2026-05-28T08:55:21.000Z
- Updated: 2026-05-28T08:55:20.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Улуттук статистика комитети үстүбүздөгү жылдын алгачкы үч айында өлкөдө 8 миң адамдын өлүмү катталганын билдирди.**

Маалыматка ылайык, кыргызстандыктардын көбү жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болууда. Бул бардык өлүм учурларынын 54 %ын түзгөн. Экинчи орунда шишик оорулары, андан кийин жол кырсыгы, уулануу, суицид жана адам өлтүрүү сыяктуу тышкы себептер турат.

> *Расмий маалыматта январь-март айларында өлкөдө 68 суицид жана 11 адам өлтүрүү фактысы катталганы дагы айтылды.*

Дарыгерлер жүрөк оорулары жашарып жатканын эскертип, өзгөчө 30-60 жаштагы жарандар арасында эрте өлүм көбөйүп жатканын белгилешүүдө.

---

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) **жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) каналдарынан  
**окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз*!