> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жер жана суу мыйзамдарын бузгандарга 2,4 млн сом айып пул салынды
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/28/zher-zhana-suu-myizamdaryn-buzgandarga-2-4-mln-som-aiyp-pul-salyndy/
- Published: 2026-05-28T06:34:29.000Z
- Updated: 2026-05-28T06:34:28.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**2026-жылдын алгачкы төрт айында жер жана суу мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча иштердин жыйынтыгында жалпы 2 млн 477 миң сом айып салынды. Анын 1 млн 317 миң 500 сому өндүрүлгөн. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана сайра иштетүү онөр жары министрлигинен билдиришти.** 

Расмий маалыматка ылайык, жер багыты боюнча 1 млн 780 миң 500 сом айып салынып, анын 1 млн 57 миң сому өндүрүлгөн. Ал эми суу багыты боюнча 696 миң 500 сом айып салынып, 260 миң 500 сому өндүрүлдү.

> Ошондой эле төрт ай ичинде коюлган доолордун жалпы көлөмү 3 млн 398 миң 353 сомду түзүп, анын 1 млн 191 миң 736 сому өндүрүлгөнү маалымдалды.

Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы мыйзамдардын аткарылышын камсыздоо жана жер менен суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча иштер улантыларын билдирди.

> Мындан тышкары, 2025-жылдын жыйынтыгында жер жана суу мыйзамдарын сактоо боюнча жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн негизинде 9 млн 440 миң сом айып салынып, анын 8 млн 187 миң 500 сому өндүрүлгөн.