> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектеги №14 мектептин окуу корпустарына инженердик текшерүү жүргүзүлдү
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/29/bishkektegi-14-mekteptin-okuu-korpustaryna-inzhenerdik-teksheruu-zhurguzuldu/
- Published: 2026-05-29T06:09:05.000Z
- Updated: 2026-05-29T06:09:04.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту тарабынан Бишкек шаарынын №14 орто мектеп имараттарына инженердик-техникалык текшерүү жүргүзүлдү.** 

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына караганда, текшерүү №14 орто мектептин 1953-жылдары салынган 1-корпусу жана 1963-жылдары салынган 2-корпусунун бүгүнкү күндөгү абалын жана сейсмикалык туруштуулугун аныктоо максатында уюштурулду. 

> *Адистер объекттин техникалык документтерин карап чыгып, тиешелүү чиймелерди чийип, имараттын конструкцияларына инженердик талдоо жүргүздү.* 

Жыйынтыгында институт тарабынан курулуш конструкцияларынын техникалык абалы боюнча корутунду даярдалып, имараттарды андан ары пайдалануу боюнча сунуштар иштелип чыгат.