> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Манас шаарына өндүрүштүк ишканаларды куруу боюнча сунуштар айтылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/29/manas-shaaryna-ondurushtuk-ishkanalardy-kuruu-boiuncha-sunushtar-aityldy/
- Published: 2026-05-29T07:55:39.000Z
- Updated: 2026-05-29T07:55:38.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Манас шаарына Кытай Эл Республикасынын курулуш, технология жана өнөр жай тармактарында иш алып барган компания өкүлдөрүнөн турган делегация келди. Делегацияны шаар мэринин биринчи орун басары Дамирбек Давлянов тосуп алды.**

> *Манас шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты. Анда Манас шаары инвестиция тартууга жана чет элдик өнөктөштөр менен кызматташууга даяр экендиги белгиленди.*

Ошондой эле шаар аймагында заманбап мейманканаларды, сейил бактарды жана бир катар өндүрүштүк ишканаларды куруу боюнча сунуштар айтылып, келечектеги биргелешкен долбоорлор тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

---

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) **жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) каналдарынан  
**окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз*!