> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өзбекстандан алынып келген 21 тонна дарбыз Кыргызстанга киргизилген жок
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/29/ozbekstandan-alynyp-kelgen-21-tonna-darbyz-kyrgyzstanga-kirgizilgen-zhok/
- Published: 2026-05-29T04:24:22.000Z
- Updated: 2026-05-29T04:24:21.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти маалымдагандай, Оштогу "Достук" көзөмөл-өткөрүү пунктунда Өзбекстандан ташылып келген 21 тонна дарбыз текшерүүдөн өткөрүлдү.**

> *Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө продукциянын таңгагында милдеттүү маркировка жок экени аныкталып, ЕАЭБдин карантиндик фитосанитардык талаптары бузулганы белгилүү болгон.*

> *Мындан улам жүктү Кыргызстан аймагына киргизүүгө тыюу салынып, 21 тонна дарбыз кайра артка кайтарылды.*

Мекеме фитосанитардык коопсуздукту камсыздоо жана карантиндик зыянкечтердин өлкөгө киришине жол бербөө боюнча көзөмөл иштери улантылып жатканын билдирди.