> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кырчын жайлоосунда жаратылышты коргоо багытында рейд өткөрүлдү
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/31/kyrchyn-zhailoosunda-zharatylyshty-korgoo-bagytynda-reid-otkoruldu/
- Published: 2026-05-31T05:49:21.000Z
- Updated: 2026-05-31T05:49:20.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосунда жаратылышты, жайыттарды жана биоресурстарды коргоо багытында рейддик иш-чара өттү. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө жайыт жерлерин ээнбаштык менен тепселеп, жер кыртышын бузган жарандар аныкталып, жайыт аймагынан чыгарылып, мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлдү.

> *Мындан тышкары, кызыл китепке кирген бүркүттү мыйзамсыз түрдө коммерциялык сүрөткө тартуу максатында пайдаланып жүргөн 3 жаран аныкталды. Ар бир факт боюнча административдик мыйзамдарынын негизинде протоколдор түзүлдү.*

> *Ошондой эле рейд учурунда эндуро айдоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жайыттарды бузбоо, жаратылышка аяр мамиле кылуу жана белгиленген маршруттардан чыкпай жүрүү боюнча эскертүүлөр берилди.*

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан жаратылышты коргоо жана мыйзам бузуулардын алдын алуу багытындагы рейддик иш-чаралар мындан ары да улантылат.