> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектеги 16 кабаттуу турак жайдын курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды
- URL: https://im.kg/koom/2026/06/01/bishkektegi-16-kabattuu-turak-zhaidyn-kurulushunda-myizam-buzuular-anyktaldy/
- Published: 2026-06-01T13:50:59.000Z
- Updated: 2026-06-01T13:50:58.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бишкек шаарындагы Абдымомунов көчөсү, 299 дарегинде курулуп жаткан 16 кабаттуу турак жай объектинде курулуш ченемдеринин талаптары сакталбаганы белгилүү болгон. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.** 

Атап айтканда, курулуш аянтчасы талаптагыдай иретке келтирилбегени, автордук көзөмөл журналы жүргүзүлбөгөнү, түндүк тарабындагы жылуулоо жана гидроизоляция иштеринин долбоордук документацияга ылайык келбегени аныкталган. Ошондой эле объекттин түштүк-чыгыш тарабындагы котловандын бекемделиши камсыздалбаганы белгиленген.

Департаменттин маалыматына ылайык, бул фактылар курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин талаптарын одоно бузуу болуп эсептелет.

> Натыйжада курулуш иштерин жүргүзүп жаткан "НБК Курулуш" жоопкерчилиги чектелген коомуна акт түзүлүп, аныкталган мыйзам бузууларды жоюу үчүн үч күндүк мөөнөт берилди.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти курулуш иштерин жүргүзгөн бардык субъекттерди мыйзам талаптарын так сактоого чакырып, курулуш ченемдерин бузуу мыйзам чегинде жоопкерчиликке алып келерин эскертти.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/06/1-4.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/06/3-1.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/06/4.jpeg)