> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бүгүн балдарды коргоонун эл аралык күнү. Кыргызстанда 2,7 млн ашык бала жашайт
- URL: https://im.kg/koom/2026/06/01/bugun-baldardy-korgoonun-el-aralyk-kunu-kyrgyzstanda-2-7-mln-ashyk-bala-zhashait/
- Published: 2026-06-01T05:45:25.000Z
- Updated: 2026-06-01T05:45:25.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом, Кызыктуу

**Кыргызстандын калкынын үчтөн бир бөлүгүнөн ашыгы (37 %) 0-17 жаштагы балдар түзөт. 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Улуттук статистика комитети өлкөдөгү балдар тууралуу кызыктуу маалыматты жарыялады.**

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын калкынын жаш курактык түзүмүндө балдардын үлүшү жогору бойдон калууда. **2026-жылдын башына карата** өлкөдө 0 жаштан 17 жашка чейинки **2 млн 730 миң бала катталган.** Алардын 1 млн 403 миңи же **51 % эркек** балдар болсо, 1 млн 327 миңи же **49 % кыздар.** Өткөн жылга салыштырмалуу балдардын саны 15 миң адамга көбөйгөн.

> Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, балдардын басымдуу бөлүгү айыл жергесинде жашайт. Тактап айтканда, балдардын **63 % айылдарда,** ал эми **37 % шаарларда** жашашат. Аймактар боюнча алганда, балдардын эң жогорку үлүшү Баткен, Жалал-Абад, Ош, Талас жана Нарын облустарында катталган. Бул аймактарда балдар жалпы калктын 38-43 % түзөт. Ал эми эң төмөнкү көрсөткүч Бишкек шаарында байкалган – 24%.

Жаш өзгөчөлүгүнө жараша балдардын 38 % же **1 млн 45 миңи - 7 жашка** чейинкилер бөбөктөр, ал эми 46 % же **1 млн 258 миңи 7-14 жаштагы** мектеп окуучулары. **15-17 жаштагы өспүрүмдөрдүн саны 427 миң** адамды түзүп, жалпы балдардын 16 % барабар.

**Өткөн жылы** Кыргызстанда **140 миңден ашуун ымыркай** жарык дүйнөгө келген. Алардын дээрлик 72 миңи эркек бала болсо, 68 миңден ашыгы кыздар болгон. Төрөлгөн балдардын **55 % 20-29 жаштагы энелерге туура келген.**

Билим берүү тармагында да балдардын саны өсүүдө. 2025-жылдын аягына карата өлкөдө **2 миңден ашык мектепке чейинки билим берүү** уюму иштеп, аларга **276 миңден ашуун бала** барган.

Ал эми **2025/2026-окуу жылынын башында** республика боюнча 2,4 миң жалпы билим берүүчү мектепте **1,6 млн окуучу билим алган.**

---

> Балдарды коргоонун эл аралык күнү – дүйнөдөгү эң эски эл аралык майрамдардын бири. Аны өткөрүү тууралуу чечим 1925-жылы Женева шаарында балдардын жыргалчылыгына арналган Бүткүл дүйнөлүк конференцияда кабыл алынган.

> Майрам расмий түрдө 1949-жылдын ноябрь айында Париж шаарында Эл аралык демократиялык аялдар федерациясынын конгрессинин чечими менен негизделген. Балдарды коргоонун эл аралык күнү алгач ирет 1950-жылы белгиленип, ошондон бери жыл сайын 1-июнда дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө майрамдалып келет.