> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Экологияга зыян келтиргендерге карата 235 миң сом айып пул салынды
- URL: https://im.kg/koom/2026/06/01/ekologiiaga-zyian-keltirgenderge-karata-235-min-som-aiyp-pul-salyndy/
- Published: 2026-06-01T13:30:48.000Z
- Updated: 2026-06-01T13:30:48.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы 20-майдан 30-майга чейин экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатында рейддик, алдын алуу жана көзөмөл иш-чаралары жүргүздү. Бул тууралуу аталгган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

> *Маалыматка ылайык, иш-чаралардын жүрүшүндө туристтик инфраструктуранын объектилери, чарба жүргүзүүчү субъекттер, таштандыларды жайгаштыруу жайлары, ошондой эле тазалоочу курулмалар текшерилди. Экологиялык коопсуздук талаптарын сактоо, айлана-чөйрөнүн булганышын алдын алуу, суу коргоо режимин сактоо, өндүрүш жана керектөө калдыктары менен иштөө, ошондой эле тазалоочу курулмалардын иштеши маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.*

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында 30 протокол түзүлүп, жалпы суммасы 235 000 сомду түзгөн айып пулдар салынды.

Ошол эле учурда чарба жүргүзүүчү субъекттердин өкүлдөрүнө экологиялык талаптарды сактоо жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзам бузууларга жол бербөө боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлдү.