> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Азык-түлүк баалары: Кыргызстанда кайсы товарлар кымбаттады?
- URL: https://im.kg/koom/2026/06/02/azyk-tuluk-baalary-kyrgyzstanda-kaisy-tovarlar-kymbattady/
- Published: 2026-06-02T11:05:27.000Z
- Updated: 2026-06-02T11:05:27.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 28-майга карата Кыргызстан, Казакстан жана Россиядагы негизги азык-түлүк товарларынын бааларына салыштырма мониторинг жүргүздү.**

Министрликтин маалыматына ылайык, Кыргызстанда өткөн жумада сабиздин баасы 3%га жогорулап, эң көп кымбаттаган азык-түлүк болуп калды. Ошондой эле тазаланган күн карама майы, буудай уну, эт, жумуртка, күрүч жана нан азыктарынын бааларында бир аз өсүш байкалган.

> Ал эми картошканын баасы 4,4%га төмөндөп, эң көп арзандаган товар болду. Мындан тышкары сүт, баш пияз жана кумшекердин баасы да төмөндөгөн.

Коңшу Казакстанда күрүч менен сүттүн баасы жогоруласа, каймак майы, ун, жумуртка, макарон азыктары, картошка, сабиз жана өсүмдүк майынын баасы төмөндөгөнү катталган.

> Россияда болсо баш пияз, картошка, сабиз жана кумшекер кымбаттаган. Ошол эле учурда жумуртка, кой эти, каймак майы, ун, сүт жана өсүмдүк майы арзандаган.

Министрлик азык-түлүк рыногундагы бааларга туруктуу мониторинг жүргүзүү улантылып жатканын билдирди.