> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек - Балыкчы багытына жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддин жайкы каттамы башталат
- URL: https://im.kg/koom/2026/06/02/bishkek-balykchy-bagytyna-zhurgunchulordu-tashuuchu-poezddin-zhaiky-kattamy-bashtalat/
- Published: 2026-06-02T05:37:18.000Z
- Updated: 2026-06-02T05:37:17.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**2026-жылдын 5-июнунан тартып Бишкек – Балыкчы багыты боюнча жүргүнчү поездинин жайкы сезондогу каттамы жанданат. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан маалымдашты.**

Билдирүүгө ылайык, поезд 5-июндан 21-июнга чейин жума, ишемби жана жекшемби күндөрү каттаса, 26-июндан 13-сентябрга чейин күн сайын каттамын аткарат.

> Поезд Бишкек-2 темир жол бекетинен саат 08:06да жөнөп, Балыкчы шаарына саат 12:12де жетет. Ал эми “Балыкчы пляж” токтоочу пунктуна саат 12:37де келет.

Ал эми кайтар жолдо поезд “Балыкчы пляж” бекетинен саат 18:40та чыгып, Балыкчы бекетине саат 19:00дө келет. Бишкек-2 бекетине келүү убактысы – саат 23:11 болот.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/06/708634742_1298187702523062_9182012697661762324_n-1.jpg)

Белгилей кетсек, Бишкек-2 темир жол бекети Бишкек шаарындагы Эркиндик бульвары, 1А дарегинде жайгашкан.

Жайкы туристтик сезондун башталышы менен бул каттам борбордон Ысык-Көлгө барууну каалаган жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу транспорттук мүмкүнчүлүк түзөт.