> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Май айында 87 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди
- URL: https://im.kg/koom/2026/06/02/mai-aiynda-87-kurulush-obektisine-tekhnikalyk-korutundu-berildi/
- Published: 2026-06-02T07:14:06.000Z
- Updated: 2026-06-02T07:14:05.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту тарабынан үстүбүздөгү жылдын май айында республика боюнча 87 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди.**

Ведомствонун маалыматына ылайык, техникалык корутундулар курулуш объектилеринин жер титирөөгө туруктуулугун, долбоордук чечимдердин коопсуздук талаптарына жооп берүүсүн жана техникалык стандарттарга шайкештигин аныктоодо маанилүү роль ойнойт.

Институттун адистери тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөр турак жайларды, коомдук имараттарды жана социалдык инфратүзүм объектилерин камтыды.

> Белгилей кетсек, техникалык корутунду даярдоонун алкагында инженерлер учурдагы имараттарды реконструкциялоо мүмкүнчүлүгүнө техникалык баа берип, алардын коопсуздук талаптарына шайкештигин аныкташат.

Бул иштер курулуш объектилеринин ишенимдүүлүгүн камсыздоого жана жарандардын коопсуздугун жогорулатууга багытталган.