> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Таластагы мектеп курулушунан 4,2 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды
- URL: https://im.kg/koom/2026/06/02/talastagy-mektep-kurulushunan-4-2-mln-somduk-myizam-buzuu-anyktaldy/
- Published: 2026-06-02T12:40:14.000Z
- Updated: 2026-06-02T12:40:13.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Талас облусунун прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Айтматов районундагы Айтбаев атындагы орто мектептин курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.**

Маалыматка ылайык, Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери аткарылбаган курулуш иштерин мыйзамсыз кабыл алып, расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизишкен.

> Натыйжада подряддык уюмга негизсиз түрдө 4 миллион 200 миң сом өлчөмүндөгү бюджеттик каражат төлөнүп берилгени аныкталган.

Аталган факты боюнча Талас облусунун прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 346-беренеси ("Кызматтык жасалмачылык") боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.