> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Унааларды тонировкалоого жеңилдик сунушталды
- URL: https://im.kg/koom/2026/06/02/unaalardy-tonirovkaloogo-zhenildik-sunushtaldy/
- Published: 2026-06-02T07:25:31.000Z
- Updated: 2026-06-02T07:25:30.000Z
- Author: Уулжан Бейшенбекова
- Tags: Коом

**Президенттин Иш башкармалыгы унаалардын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга уруксат берүү боюнча кезектеги акцияны өткөрүүнү сунуштады. Тиешелүү** [**токтом долбоору**](https://koomtalkuu.gov.kg/ru/view-npa/6241) **коомдук талкууга чыгарылды.**

> Маалыматка ылайык, арзандатуунун алкагында жарандар бир жылдык мөөнөткө унааларын караңгылата алышат. Учурдагы төлөмдөр: резиденттер үчүн — 50 миң сом, юридикалык жактар үчүн — 70 миң сом, резидент эместер үчүн — 90 миң сом.

Демилгечилер буга чейин мындай жеңилдиктер бюджеттик түшүүлөрдүн өсүшүнө, ошондой эле унааны мыйзамсыз караңгылатууну азайтууга өбөлгө болгонун белгилешти.