> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көлдө жол курулуштарын тездетүү тапшырмасы берилди
- URL: https://im.kg/koom/2026/06/02/ysyk-koldo-zhol-kurulushtaryn-tezdetuu-tapshyrmasy-berildi/
- Published: 2026-06-02T06:59:08.000Z
- Updated: 2026-06-02T06:59:08.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Транспорт жана коммуникация министри Талантбек Солтобаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында эл аралык жана ички маанидеги унаа жолдорунда жүргүзүлүп жаткан курулуш, реконструкциялоо жана оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты.**

Ведомствонун маалыматына ылайык, иш сапардын жүрүшүндө министр жолдордун учурдагы абалына мониторинг жүргүзүп, аткарылып жаткан иштердин сапатын текшерди. Ошондой эле курулуш иштерин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүтүрүү боюнча жооптуу кызматтарга тиешелүү тапшырмаларды берди.

> Талантбек Солтобаев туристтик сезондун башталышы менен жол кыймылынын коопсуздугун жана жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу негизги милдеттердин бири экенин белгиледи.

Министрликтин маалыматына ылайык, аймактагы жол курулуш жана оңдоо иштеринин жүрүшү Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин туруктуу көзөмөлүндө турат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/06/WhatsApp-Image-2026-06-02-at-12.13.42-3.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/06/WhatsApp-Image-2026-06-02-at-12.13.43.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/06/WhatsApp-Image-2026-06-02-at-12.13.42.jpeg)