> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Адылбек Касымалиев Баткендеги ири долбоорлор менен таанышты
- URL: https://im.kg/koom/2026/06/03/adylbek-kasymaliev-batkendegi-iri-dolboorlor-menen-taanyshty/
- Published: 2026-06-03T11:03:57.000Z
- Updated: 2026-06-03T11:03:56.000Z
- Author: Уулжан Бейшенбекова
- Tags: Коом

**Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Баткенге болгон жумуш сапарынын алкагында Бүргөндү магистралдык каналындагы оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүн жана “Охна” чакан ГЭСинин курулушун көрүп чыкты.**

Кадамжай районундагы Бүргөндү магистралдык каналын кайтадан жабдып, суу өткөрүү мүмкүнчүлүгүн 18 м³/секундадан 30 м³/секундага чейин көбөйтүү мерчемделүүдө. Долбоор көлөмүнүн чоңдугуна байланыштуу үч үлүшкө бөлүнүп ишке ашырылып жатат.

> Ошондой эле өкмөт башчысы Орозбеков айыл аймагында курулуп жаткан “Охна” чакан ГЭСиндеги иштер менен таанышты. Долбоордун жалпы сметалык баасы 30 млн АКШ долларын түзүп, станциянын кубаттуулугу 22 МВт болот.

Сапардын жыйынтыгында Адылбек Касымалиев курулуш иштерин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүтүрүүнү тапшырды.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/06/6a1ff52d623ac.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/06/6a1ff5302bed6.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/06/6a1ff5256596f.jpeg)