> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткенде “Герой” БСРи пайдаланууга берилди
- URL: https://im.kg/koom/2026/06/03/batkende-geroi-bsri-paidalanuuga-berildi/
- Published: 2026-06-03T13:35:57.000Z
- Updated: 2026-06-03T13:35:56.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ак-Турпак айылында капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн “Герой” суткалык жөнгө салуу бассейни (БСР) пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.** 

Бассейндин көлөмү 120 миң м³ болуп, ал Молдо Нияз айыл аймагынын Кыргыз-Кыштак айылындагы 1500 гектар жерди сугат суу менен камсыздоону жакшыртат.

> Оңдоо иштеринин алкагында бассейнде 1 млн 852 миң 458 м³ көлөмүндө механикалык тазалоо жүргүзүлүп, дамбанын жээктери бекемделди. Долбоор мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланды.

Ирригация тармагын өнүктүрүүгө акыркы жылдары бөлүнгөн каражат көбөйүүдө. 2021-жылы бул максатка 520 млн сом, 2025-жылы 1,4 млрд сом бөлүнгөн. Ал эми 2026-жылы 10,3 млрд сом каралып, бүгүнкү күнгө чейин 1,6 млрд сом өздөштүрүлдү.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/06/WhatsApp-Image-2026-06-03-at-17.28.13-3.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/06/WhatsApp-Image-2026-06-03-at-17.28.13-2.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/06/WhatsApp-Image-2026-06-03-at-17.28.12-2-1.jpeg)