> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектин айрым көчөлөрүндө убактылуу чектөөлөр киргизилет
- URL: https://im.kg/koom/2026/06/03/bishkektin-airym-kocholorundo-ubaktyluu-chektoolor-kirgizilet/
- Published: 2026-06-03T03:56:59.000Z
- Updated: 2026-06-03T03:56:58.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**4-июндан 6-июнга чейин Кыргызстанда Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин жыйыны өтөт. Иш-чара мамлекеттик деңгээлде чет өлкөлүк делегациялардын катышуусунда өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында жолдун айрым тилкелеринде убактылуу транспорт кыймылына чектөөлөр киргизилет. Чектөөлөр төмөнкү маршруттар боюнча каралган: 

\- Фучик көчөсүнөн Васильевский трактына чейин («Манас» эл аралык аэропортунун жолу); 

\- Чүй проспектисинен Манас проспектисине чейин; 

\- Манас проспектисинен «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейин;

\- Байтик Баатыр көчөсү. 

> *“Борбор калаанын тургундарынан жана конокторунан убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну жана жол кыймылына мүмкүн болгон чектөөлөрдү эске алуу менен маршруттарыңыздарды алдын ала пландаштырууну суранабыз” , - дейт министрликтен.*