> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргыз-австрия кызматташтыгы: Глобалдык тоо саммити талкууланды
- URL: https://im.kg/koom/2026/06/03/kyrgyz-avstriia-kyzmattashtygy-globaldyk-too-sammiti-talkuulandy/
- Published: 2026-06-03T05:30:02.000Z
- Updated: 2026-06-03T05:30:04.000Z
- Author: Уулжан Бейшенбекова
- Tags: Коом

Нью-Йоркто кыргыз-австрия кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги талкууланды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, 2-июнда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Австриянын Европалык жана эл аралык иштер боюнча федералдык министри Беате Майнль-Райзингер менен жолукту. Аталган жолугушуу үстүбүздөгү жылдын 10-апрелинде австриялык тараптын демилгеси менен өткөн эки министрдин телефон аркылуу сүйлөшүүсүнүн уландысы болду. 

> Тараптар эл аралык деңгээлде тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү маселелерин илгерилетүү боюнча биргелешкен аракеттерге өзгөчө көңүл бурушту.   
>  
> Анын ичинде 2027-жылы октябрда Бишкекте өткөрүү пландалып жаткан экинчи Глобалдык тоо саммитине даярдык көрүү жана аны өткөрүү маселелери талкууланды. 

Мындан тышкары, министрлер эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги орчундуу маселелер боюнча пикир алмашышты.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/06/4180057f-dcf1-3b02-9066-d5c8f6ed074e.jpeg)