> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан менен ЕРӨБ кызматташууну кеңейтет
- URL: https://im.kg/koom/2026/06/03/kyrgyzstan-menen-erob-kyzmattashuunu-keneitet/
- Published: 2026-06-03T09:45:30.000Z
- Updated: 2026-06-03T09:45:29.000Z
- Author: Уулжан Бейшенбекова
- Tags: Коом

**3-июнда Финансы министрлигинде министр Руслан Суйналиев менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Кыргыстан , Тажикстан жана Түркмөнстан боюнча регионалдык жетекчиси Айтен Рустамованын жолугушуусу болуп өттү.**

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен ЕРӨБдүн ортосундагы кызматташуунун учурдагы абалы жана келечектеги багыттары талкууланды. 

Тараптар Алкактык макулдашуунун долбоору, ошондой эле Ош шаарындагы коомдук транспортту электрлештирүү жана Орловка шаарынын, Түп, Сузак жана Кочкор райондорунун суу менен камсыздоо жана канализация системаларын жаңылоо долбоорлору боюнча пикир алмашышты.

> Финансы министри өлкөдө социалдык маанидеги жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга көрсөткөн колдоосу үчүн ЕРӨБгө ыраазычылык билдирип, кызматташууну мындан ары да кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Жыйынтыгында тараптар биргелешкен долбоорлорду алдыга жылдыруу жана өнөктөштүк мамилелерди мындан ары бекемдөө максатында өз ара кызматташууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/06/Unknown-------------.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/06/----.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/06/-------1.jpeg)