> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Манастагы президенттик лицейдин курулушу 65 %га аяктады
- URL: https://im.kg/koom/2026/06/03/manastagy-prezidenttik-litseidin-kurulushu-65-ga-aiaktady/
- Published: 2026-06-03T13:55:24.000Z
- Updated: 2026-06-03T13:55:23.000Z
- Author: Уулжан Бейшенбекова
- Tags: Коом

**Манас шаарында курулуп жаткан “Акылман” президенттик лицейи курулушу жаңы окуу жылына чейин аяктайт. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун өкүлүнүн орун басары Исламбек Увайдуллаевдин мекемедеги иштердин жүрүшү менен таанышуусунда маалым болду.** 

Өкүлчүлүктөн билдиргендей, билим берүү комплекси заманбап шарттары жана ири масштабы менен айырмаланат. Долбоордун жалпы баасы 2 млрд 160 млн сомду түзөт. 

> Лицей 360 окуучуга ылайыкталып, 35 заманбап классты камтыйт. Ошондой эле 420 орундуу жатакана, мугалимдер үчүн 25 батирлүү турак жай, ашкана, китепкана, жыйын залы, спорт зал жана бассейн курулууда.

Учурда курулуш иштеринин 65 пайызы аяктаган. Исламбек Увайдуллаев курулуш компаниясына объектти 2026–2027-окуу жылы башталганга чейин бүткөрүүнү жана иштердин темпин күчөтүүнү тапшырды.

Ошондой эле курулуштун сапатына өзгөчө көңүл буруу жана бардык иштерди мамлекеттик талаптарга ылайык аткаруу зарылдыгы белгиленди.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/06/712086235_2100.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90-1.webp)