> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ноокатта 164 млн сомго мектеп салынууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/06/03/nookatta-164-mln-somgo-mektep-kuruluuda/
- Published: 2026-06-03T09:26:43.000Z
- Updated: 2026-06-03T09:26:42.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Ноокат районунун Каранай айылында 225 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктоо алдында турат. Объекттин курулушу 2025-жылы башталган. Каржылоо республикалык бюджеттен каралып, долбоордун жалпы наркы 164 миллион сомду түзөт.**

Курулуш министрлигинин маалыматына караганда, башкы планга ылайык, мектеп үч блоктон турган үч кабаттуу имарат болуп салынды. Анда окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн бардык шарттар каралган.

> *Курулуштун сапаты жана аткарылып жаткан иштердин ар бир этабы Курулуш министрлигинин алдындагы тиешелүү департаменттер тарабынан көзөмөлдөнүп, текшерилүүдө.*

Мектеп пайдаланууга берилгенден кийин эки нөөмөт менен 500дөн ашык окуучу билим алат.