> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолу таштардан тазаланды
- URL: https://im.kg/koom/2026/06/03/tunduk-tushtuk-alternativdik-unaa-zholu-tashtardan-tazalandy/
- Published: 2026-06-03T08:18:36.000Z
- Updated: 2026-06-03T08:19:31.000Z
- Author: Уулжан Бейшенбекова
- Tags: Коом

**Транспорт жана коммуникациялар тармагынын кызматкерлери Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолун таштардан тазалашты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.**

> Натыйжада жол кыймылы толугу менен калыбына келтирилип, учурда каттам ачык.  

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун 243–296-чакырым аралыгында таш көчкү түшүп, жол кыймылына коркунуч жараткан.

> Маалыматка ылайык, аталган жолдун кооптуу тилкелеринде коргоочу тирөөч дубалдарды куруу иштери уланууда. Ошондой эле айдоочуларга өзгөчө кырдаалдарда ыкчам жардам көрсөтүү максатында SOS белгилери орнотулуп, аларга байланыш номерлери жайгаштырылган.

Жол тейлөө кызматтары айдоочуларды аба ырайынын шарттарын эске алып, жол кыймылынын эрежелерин так сактоого жана этият болууга чакырат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/06/710555357_1308902531418490_8191822593369450708_n.jpg)