> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткенде мыйзамсыз курулуш үчүн 80 миң сом доо коюлду
- URL: https://im.kg/koom/2026/06/04/batkende-myizamsyz-kurulush-uchun-80-min-som-doo-koiuldu/
- Published: 2026-06-04T06:30:41.000Z
- Updated: 2026-06-04T06:30:41.000Z
- Author: Уулжан Бейшенбекова
- Tags: Коом

**Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Баткен облусу боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө мыйзамсыз курулуш фактылары аныкталды.**

> Маалыматка ылайык, Суу-Башы айыл өкмөтүндө эки жаран айыл чарба багытындагы жер тилкелерине мыйзамсыз курулуш салганы белгилүү болгон.

Аталган мыйзам бузуу фактылары боюнча жарандарга жазуу түрүндө эскертүү берилип, мыйзам талаптарына ылайык ар бирине 40 миң сомдон, жалпы 80 миң сом өлчөмүндө доо коюлду.

Мындан тышкары, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык эки жаранга жалпы 6 миң сом айып салынды.