> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте ШКУ саммитине карата көрктөндүрүү иштери жүрүүдө
- URL: https://im.kg/koom/2026/06/04/bishkekte-shku-sammitine-karata-korktonduruu-ishteri-zhuruudo/
- Published: 2026-06-04T08:40:27.000Z
- Updated: 2026-06-04T08:40:26.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**"Бишкекжашылкурулуш" муниципалдык ишканасы борбор калааны көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин ШКУ саммитине даярдык көрүүнүн алкагында улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.**

> *Маалыматка ылайык, учурда айланма жолдо жаңы газон төшөө үчүн аймакты даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. Ишкананын адистери жер тилкесин тегиздөө, топурак катмарын даярдоо жана мындан аркы жашылдандыруу иштерине ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча комплекстүү иштерди аткарып жатышат. Бул аймакка гүлдөрдү отургузуу да пландаштырылууда.*

Ишке төрт атайын техника, ошондой эле компаниянын өндүрүш бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тартылууда. Бардык иш-чаралар Бишкектин экологиялык абалын жана эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу максатында жүргүзүлүүдө.

---

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) каналдарынан  
окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен  
**Сиз ийгиликке жетишесиз*!