> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чек арадагы фитосанитардык көзөмөл күчөтүлөт
- URL: https://im.kg/koom/2026/06/04/chek-aradagy-fitosanitardyk-kozomol-kuchotulot/
- Published: 2026-06-04T10:41:30.000Z
- Updated: 2026-06-04T10:41:29.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**3-июнда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кызыл-Кыя фитосанитардык көзөмөл пунктунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.**

> *Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө Эрлист Акунбеков Саламаттык сактоо министрлигине караштуу санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматына импорттолуп жаткан айыл чарба продукцияларындагы нитраттардын жана нитриттердин курамына көзөмөлдү күчөтүүнү, ошондой эле өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаментине өткөрүү пункттарындагы фитосанитардык көзөмөлдү күчөтүп, Кыргызстандын аймагына карантиндик зыяндуу организмдердин киришине жол бербөө боюнча кошумча чараларды көрүүнү тапшырды.*

Аталган пунктта импорттолгон айыл чарба продукцияларынын Кыргызстандын фитосанитардык талаптарына шайкештиги көзөмөлдөнөт. Ар бир партия лабораториялык изилдөөдөн өткөрүлүп, ал эми бакча өсүмдүктөрү ички рынокто сатууга уруксат берилерден мурун нитраттардын жана нитриттердин деңгээли боюнча кошумча текшерүүдөн өтөт.