> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Негизсиз берилбей келген кепилдик төлөмү ишкерге кайтарылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/06/05/negizsiz-berilbei-kelgen-kepildik-tolom-ishkerge-kaitaryldy/
- Published: 2026-06-05T13:20:50.000Z
- Updated: 2026-06-05T13:20:50.000Z
- Author: Уулжан Бейшенбекова
- Tags: Коом

**Прокурордук текшерүүнүн жыйынтыгында ишкерге тиешелүү болгон кепилдик төлөм кайра кайтарылды.**

Маалыматка караганда, ишкер акча каражатын кайтарып берүү өтүнүчү менен бир нече жолу мамлекеттик органга кайрылган. Бирок мыйзамдуу негиздер болгонуна карабастан, анын арыздары узак убакыт каралбай келген.

> *Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде ишкердин укуктары калыбына келтирилип, негизсиз кармалып турган 692 миң 800 сом өлчөмүндөгү кепилдик төлөм толук кайтарылды.*

Ошондой эле мыйзам бузууларга жол берген жооптуу кызмат адамдары тартиптик жоопкерчиликке тартылганы маалымдалды.