> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көлдө сел эки адамды басып калды: бир адамдын сөөгү табылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/06/06/ysyk-koldo-sel-eki-adamdy-basyp-kaldy-bir-adamdyn-soogu-tabyldy/
- Published: 2026-06-06T06:15:16.000Z
- Updated: 2026-06-06T06:15:16.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**5-июнь күнү саат 20:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен тоо боору урап түшүп, сел сууларына кошулган баткак массасы (оплывина) Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 92-чакырымын каптады. Натыйжада эки жеңил унаа — Mercedes Sprinter жана Ford Mondeo ылай алдында калып, алардын ичинде болгон эки адамды сел агызып кеткен.**

Окуя болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев жана Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов кырдаалды жеке көзөмөлгө алышты.

> Издөө-куткаруу иштерине жалпысынан 291 адам жана 20 даана инженердик техника тартылды. Анын ичинен:

- Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 149 куткаруучу, анын ичинде Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адистери;
- Ысык-Көл райондук Жарандык коргонуу кызматтарынан 80 кызматкер;
- Ички иштер министрлигинен 50 кызматкер;
- Тез жардам кызматынан 12 кызматкер катышууда.

Издөө иштеринин жүрүшүндө 5-июнь күнү саат 23:35те 2008-жылы туулган У.Т. аттуу жарандын сөөгү табылды. Ал эми экинчи адамды издөө иштери учурда да улантылууда.

> Селдин кесепетинен убактылуу жабылган Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолу 6-июнга караган түнү саат 00:52де эки тараптуу кыймыл үчүн кайрадан ачылды.

Учурда жолду сел калдыктарынан тазалоо иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кошумча маалыматтар кийинчерээк берилерин маалымдады.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/06/3.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/06/--------------------1-2.png)