> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан менен Палестинанын футболдук беттеши болду
- URL: https://im.kg/koom/2026/06/07/kyrgyzstan-menen-palestinanyn-futbolduk-betteshi-boldu/
- Published: 2026-06-07T05:17:20.000Z
- Updated: 2026-06-07T05:17:20.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Кече күнү Кыргызстан менен Палестинанын улуттук курама командаларынын ортосундагы алгачкы жолдоштук футболдук беттеш болуп өттү. Ага Президент Садыр Жапаров барып, назар салды.**

> Спорттук иш-чара Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо ФИФАнын июнь күндөрүнүн жана Азия Кубогу-2027ге даярдык көрүү иштеринин алкагында өттү.

Мамлекет башчысы менен бирге КРнын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Адылбек Касымалиев да оюнга барышты.

Таймаштын жыйынтыгында командалар оюнду 0:0 эсебинде аякташты. Эми курамалардын ортосундагы экинчи беттеш 9-июнда өтөт.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/06/4--2-.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/06/5.jpg)