> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Ак-Тилек" постунда талаптарга жооп бербеген жүк артка кайтарылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/06/08/ak-tilek-postunda-talaptarga-zhoop-berbegen-zhuk-artka-kaitaryldy/
- Published: 2026-06-08T04:44:05.000Z
- Updated: 2026-06-08T04:44:04.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Чүй-Бишкек башкармалыгы тарабынан кыргыз-казак мамлекеттик чек арасына жакын жайгашкан "Ак-Тилек" фитосанитардык текшерүү постунда фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.** 

8-июнда Россия Федерациясынан ташылып келе жаткан 35 м³ пиломатериалдарды текшерүү учурунда фитосанитардык сертификатта көрсөтүлгөн маалыматтар товарды коштоочу транспорттук документтердеги маалыматтарга дал келбегени аныкталган.

> Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагында карантиндик фитосанитардык контролду (көзөмөлдү) жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобонун 3.7-пунктуна ылайык, аталган жүк жөнөтүүчү тарапка кайра кайтарылды.

Фитосанитардык көзөмөл өлкөнүн фитосанитардык коопсуздугун камсыздоо, карантиндик зыяндуу организмдердин жайылышына жол бербөө жана эл аралык талаптардын сакталышын көзөмөлдөө максатында туруктуу негизде жүргүзүлүүдө.