> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ӨКМ башчысы селден жабыркаган аймактарды кыдырды
- URL: https://im.kg/koom/2026/06/08/okm-bashchysy-selden-zhabyrkagan-aimaktardy-kydyrdy/
- Published: 2026-06-08T12:35:50.000Z
- Updated: 2026-06-08T12:35:49.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ош облусунун Кара-Суу жана Алай райондорундагы селдин кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.**

ӨКМдин маалыматына ылайык, иш сапардын алкагында министр Кара-Суу районундагы Ош – Эркечтам унаа жолунун 7-чакырымында жайгашкан "Муян" каналын кеңейтүү иштерин жеринен көрүп чыкты. Ал тиешелүү кызматтарга жумуштарды өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүтүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

> Мындан тышкары, Канатбек Чыныбаев Алай районунун Гүлчө айылында жана башка калктуу конуштарда жүргүзүлүп жаткан калыбына келтирүү иштерин текшерди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө министр объектилердеги иштердин сапатына өзгөчө көңүл буруп, селдин кесепеттерин жоюу боюнча бардык иштерди белгиленген мөөнөттө аяктоо милдетин койду.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/06/1_SrhLbWa.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/06/718265406_1410.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/06/719150806_1410.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/06/719476317_1410.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/06/719524555_1410.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/06/719789646_1410.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)