> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Адал-индустриянын талаптарын бузгандарга айып пул салынат
- URL: https://im.kg/koom/2026/06/09/adal-industriia-talaptaryn-buzgandarga-aiyp-pul-salynat/
- Published: 2026-06-09T14:05:53.000Z
- Updated: 2026-06-09T14:05:52.000Z
- Author: Уулжан Бейшенбекова
- Tags: Коом

**Президент Садыр Жапаров «Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду.**

Жаңы мыйзамга ылайык, адал өндүрүмдөрдү жана адал кызматтарды өндүрүү, сактоо, ташуу, сертификаттоо жана жүгүртүү боюнча талаптарды бузгандарга административдик жоопкерчилик киргизилди.

> Ага ылайык, жеке жактарга 7 500 сом, юридикалык жактарга 23 миң сом айып пул каралган. Ал эми шайкештикти тастыктоо жол-жоболорун бузган компанияларга 65 миң сомго чейин айып салынат.

Мыйзам боюнча адал өндүрүмдөр бирдиктүү «Адал» белгиси менен маркировкаланышы керек. Көзөмөл мамлекеттик портал жана мобилдик тиркеме аркылуу QR-код менен жүргүзүлөт.

Жаңы талаптар адал-индустриядагы ачык-айкындуулукту күчөтүүгө жана керектөөчүлөрдүн ишенимин жогорулатууга багытталган.