> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жеке ишкерге 700 миң сомго жакын кепилдик төлөм кайтарылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/06/09/zheke-ishkerge-700-min-somgo-zhakyn-kepildik-tolom-kaitaryldy/
- Published: 2026-06-09T08:05:57.000Z
- Updated: 2026-06-09T08:05:56.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Башкы прокуратура мамлекеттик орган тарабынан кармалып турган 692 миң 800 сомдук кепилдик төлөмдү ишкерге кайтарып берди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө ишкер акчасын кайтарып алууга мыйзамдуу укугу бар экенине карабастан, анын бир нече жолу жолдогон кайрылуулары мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча жооптуу орган тарабынан узак убакыт бою каралбай келгендиги аныкталган.

> *Прокуратуранын чара көрүүсүнөн кийин ишкердин укуктары калыбына келтирилип, кепилдик төлөм толугу менен кайтарылган. Ошондой эле мыйзам бузууга жол берген кызмат адамдары тартиптик жоопкерчиликке тартылганы маалым болду.*

Башкы прокуратура мындай иштер ишкерлердин мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого жана мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталганын белгиледи.