> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кытайдан алынып келинген 24,6 тонна жаңгак артка кайтарылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/06/11/kytaidan-alynyp-kelingen-24-6-tonna-zhangak-artka-kaitaryldy/
- Published: 2026-06-11T03:14:53.000Z
- Updated: 2026-06-11T03:14:53.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Кытайдан ташылып келе жаткан 24,6 тонна жаңгак артка кайтарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.**

> *Министрликтин маалыматына караганда, Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Нарын облустук башкармалыгы тарабынан 10-июнда кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Торугарт автожолу” постунда карантиндик фитосанитардык текшерүү иш-чаралар мезгилинде, Кытайга таандык 24,6 тонна грек жаңгагы жана макадамия жаңгагын Кыргызстандын аймагына ташып кирүүдө карантиндик фитосанитардык талаптардын бузулушу аныкталган.* 

Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасында карантиндик фитосанитардык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жобонун 4.3.4 пунктуна ылайык, фитосанитардык тобокелдиги жогору карантинге алынган продукциянын таңгагында маркалоонун жоктугуна байланыштуу, жүк жөнөтүүчүгө кайра кайтарылган.