> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Сейрек өсүмдүктөрдү жыйноого жана сатууга тыюу салынат
- URL: https://im.kg/koom/2026/06/12/seirek-osumduktordu-zhyinoogo-zhana-satuuga-tyiuu-salynat/
- Published: 2026-06-12T05:45:29.000Z
- Updated: 2026-06-12T05:45:28.000Z
- Author: Уулжан Бейшенбекова
- Tags: Коом

**Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги өлкөдөгү сейрек кездешүүчү жана баалуу өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрүн пайдаланууга киргизилген мораторий дагы эле күчүндө экенин эскертти.**

Маалыматка ылайык, Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы токтомуна ылайык, белгиленген өсүмдүктөрдү жыйноого, даярдоого, пайдаланууга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, ошондой эле экспорттоого тыюу салынган.

> Чектөө макротомия, эндик, ичке жалбы, афлатун пиязы, алтын тамыр жана башка сейрек кездешүүчү өсүмдүктөргө карата колдонулат.

Министрлик жарандарды жаратылышты коргоо талаптарын сактоого чакырып, аталган чектөөлөр 2027-жылдын 1-январына чейин күчүндө болорун билдирди.