> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Таластагы курулуп жаткан стадиондун абалы текшерилди
- URL: https://im.kg/koom/2026/06/12/talastagy-kurulup-zhatkan-stadiondun-abaly-teksherildi/
- Published: 2026-06-12T10:55:33.000Z
- Updated: 2026-06-12T10:55:32.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы борбордук стадиондун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.**

Маалыматка ылайык, министр подрядчы уюмга объекттеги иштердин сапатына көңүл буруп, жумушчу күчтү көбөйтүү талабын койду. Ошондой эле борбордук стадион эл аралык стандарттарга толук жооп бериши керектигин белгиледи.

> *Долбоорго ылайык, 5000 орундуу стадиондо батыш жана чыгыш трибуналар, оюнчулар үчүн керектүү бардык шарттар, ошондой эле медиа, VIP-зоналар жана VAR системасын жайгаштыруу каралган. Мындан тышкары, комплексте футболчулар үчүн жатакана, тамактануу жайы жана административдик бөлмөлөр болот.*

Белгилей кетсек, стадиондун курулушу 2025-жылдын 9-апрелинде башталган. Объекттини быйыл эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берүү пландалууда.