> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Түркияда дайынсыз болуп жаткан кыргызстандыктын сөөгү табылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/06/12/turkiiada-daiynsyz-bolup-zhatkan-kyrgyzstandyktyn-soogu-tabyldy/
- Published: 2026-06-12T11:10:21.000Z
- Updated: 2026-06-12T11:10:20.000Z
- Author: Уулжан Бейшенбекова
- Tags: Коом

**Түркиянын Анталья провинциясынын Кемер районунда деңизде дайынсыз жоголгон кыргызстандык жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.**

Маалыматка ылайык, 24 жаштагы кыргызстандык Э.Ж. аттуу жаран 6-июнда Антальядагы мейманканалардын биринде иштеп жүргөн учурда деңизге түшүп, дайынсыз жоголгон.

Жээк күзөт кызматы жана тиешелүү органдар жүргүзгөн издөө иштеринин натыйжасында анын сөөгү 11-июнда табылган. Учурда маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү үчүн зарыл документтерди даярдоо иштери жүрүүдө.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, бул маселе Кыргызстандын Антальядагы Башкы консулдугунун жана министрликтин көзөмөлүндө турат.

Түркиялык маалымат каражаттары билдиргендей, маркумдун сөөгү Белдиби аймагындагы деңиз жээгинен табылып, андан соң соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү үчүн тиешелүү мекемеге жөнөтүлгөн.