> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көлдөн браконьердик торлор табылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/06/12/ysyk-koldon-brakonerdik-torlor-tabyldy/
- Published: 2026-06-12T10:25:01.000Z
- Updated: 2026-06-12T10:25:01.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көлгө болгон жумушчу сапарынын алкагында көлдүн экосистемасын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты.**

> *Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн маалыматына ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө көлдүн түбүнөн мыйзамсыз балык уулоодо колдонулган браконьердик торлор алынып чыкты. Бул иштер Ысык-Көлдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоого жана экологиялык коопсуздукту камсыздоого багытталган.*

Ошондой эле браконьерчиликке каршы күрөштү күчөтүү максатында Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын курамында атчан взвод түзүлгөнү маалымдалды.