> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте бир катар даректерде ысык суу убактылуу өчүрүлөт
- URL: https://im.kg/koom/2026/06/13/bishkekte-bir-katar-darekterde-ysyk-suu-ubaktyluu-ochurulot/
- Published: 2026-06-13T03:02:56.000Z
- Updated: 2026-06-13T03:02:55.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**"Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасы Фрунзе жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде жүргүзүлүп жаткан капиталдык курулуш иштеринин алкагында жылуулук тармактарын кайра туташтыруу боюнча пландуу иштер аткарыларын маалымдайт.**

Ушуга байланыштуу бүгүн саат 09:00дөн 17:00гө чейин бир катар даректерде ысык суу берүү убактылуу токтотулат.

Чектөө төмөнкү даректердеги абоненттерге тиешелүү болот:

- Панфилов көчөсү: 239, 241, 190, 188/1, 188/2, 190/1, 190/3, 200, 200а, 202;
- Логвиненко көчөсү: 55/2, 55, 57, 59, 32;
- Тоголок Молдо көчөсү: 21, 23, 25, 23а, 23б;
- Жибек-Жолу проспектиси: 328, 346, 491;
- Орозбеков көчөсү: 112, 116, 122, 114;
- Фрунзе көчөсү: 475, 495, 497, 499.

> "Бишкекжылуулуктармагы" ишканасы убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, шаар тургундарын жана абоненттерди жүргүзүлүп жаткан пландуу иштерге түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.