> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Сары-Жондо кум-шагылды уруксатсыз казгандарга айып пул салынды
- URL: https://im.kg/koom/2026/06/15/sary-zhondo-kum-shagyldy-uruksatsyz-kazgandarga-aiyp-pul-salyndy/
- Published: 2026-06-15T05:00:57.000Z
- Updated: 2026-06-15T05:00:56.000Z
- Author: Уулжан Бейшенбекова
- Tags: Коом

**Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Сары-Жон айылынын четиндеги кичи дарыядан кум жана шагылды уруксатсыз пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, мыйзам бузуу фактысы боюнча тиешелүү протокол түзүлүп, 10 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

> Ошондой эле Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан жаратылыш ресурстарын мыйзам талаптарына ылайык пайдалануу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Адистер жарандарды жаратылыш байлыктарын пайдаланууда мыйзам талаптарын сактоого чакырып, мындай мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчилик каралганын эскертишти.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен *Сиз ийгиликке жетишесиз*!