> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Аламүдүндө мыйзамсыз курулуштарга карата рейд өткөрүлдү
- URL: https://im.kg/koom/2026/06/16/alamudundo-myizamsyz-kurulushtarga-karata-reid-otkoruldu/
- Published: 2026-06-16T06:19:16.000Z
- Updated: 2026-06-16T06:19:15.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык башкармалыгынын “Жер маселелери” бөлүмүнүн адистери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте Аламүдүн районундагы Достук, Сыдыков жана Чокморов айыл аймактарында рейддик иш-чараларды өткөрдү.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, иш-чаранын максаты – мыйзамсыз курулган объектилерди аныктоо жана ирээтке келтирүү, ошондой эле дизайн-код талаптарын калк арасында жайылтуу жана алардын аткарылышын камсыз кылуу.

> *Рейд учурунда мыйзамсыз деп аныкталган объектилердин ээлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мыйзам талаптарын сактоо, мыйзамсыз курулуштарды өз ыктыяры менен алып салуу жана соода түйүндөрүнүн сырткы кнүшүн дизайн-кодго ылайык келтирүү боюнча сунуштар жана тапшырмалар берилди.*

Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык башкармалыгы калктуу конуштарда шаар куруу жана архитектуралык талаптардын сакталышын күчөтүү жана заманбап шаардык чөйрөнү калыптандыруу боюнча иштерди мындан ары да үзгүлтүксүз улантат.