> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кара-Көл шаарынын мурдагы мэри кармалды
- URL: https://im.kg/koom/2026/06/18/kara-kol-shaarynyn-murdagy-meri-karmaldy/
- Published: 2026-06-18T05:27:04.000Z
- Updated: 2026-06-18T05:27:03.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**УКМК мамлекеттик жана муниципалдык органдардагы жана мекемелердеги коррупцияга каршы күрөшүү иш-чараларынын алкагында Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы социалдык объекттин курулушунда мыйзам бузууларга жол берилген фактыларды аныктады.** 

УКМКнын маалымат кызматынын айтымына караганда, Кара-Көл шаарынын мэриясынын кызмат адамдары тарабынан 2024–2025-жылдары Кара-Көл шаарынын 7-кичирайонунда шаардагы турак жайга муктаж болгон 32 үй-бүлөнүн жашоосуна ылайыкталган көп батирлүү турак үйдүн курулушу аяктаган.

> *Аталган объект мурда Кара-Көл шаарынын мэриясынын балансында болуп, пайдаланууга жараксыз абалда тургандыктан көп убакыт пайдаланылбай келген.*

> *Тактап айтканда, курулуш жана жасалгалоо иштерине тендер өткөрүү тартибинде, ошондой эле курулуш нормалары жана эрежелери боюнча көзөмөлдөөдө жана атайын техникалык корутундуларды даярдоодо мыйзам бузууларга жол берилген.* 

> *Текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке 9 миллион 985 миң 400 сом өлчөмүндө зыян келтирилгени аныкталды.* 

Чогултулган материалдардын негизинде (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында төмөнкү адамдар кармалды: О.Н.О. – Кара-Көл шаарынын мурдагы мэри, К.М.С. – Кара-Көл шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы башчысы, М.А.А. – Кара-Көл шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын курулуш боюнча мурдагы адиси, И.М.А. – курулуш иштерине техникалык көзөмөл жүргүзүүгө жооптуу адис.

Аталган адамдар УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.