> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 37 адам тамак-ашка ууланып ооруканага түштү
- URL: https://im.kg/koom/2026/06/19/37-adam-tamak-ashka-uulanyp-oorukanaga-tushtu/
- Published: 2026-06-19T07:22:54.000Z
- Updated: 2026-06-19T07:22:53.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Бишкекте 37 адам тамак-ашка ууланып ооруканага түштү.Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.**

> *Маалыматка ылайык, алар Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына 18-июнь күнү саат 12:00дөн тарта түшө баштаган. Жалпысынан 37 адам кайрылган. Уулангандар Арча-Бешиктеги Абдуллах ибн Масъуд атындагы медреседен оливье салатын жешкенин айтышкан.*

Алардын ичинен 10 бейтап ооруканага жаткырылып, 27сине амбулатордук дарылоо дайындалган. Бирөө реанимация жана интенсивдүү терапия бөлүмүндө жатат. Ооруканадагы бейтаптардын абалы орточо оор деп бааланууда.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен **Сиз ийгиликке жетишесиз*!