> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектеги сейил бак көрктөндүрүлөт
- URL: https://im.kg/koom/2026/06/19/bishkektegi-seiil-bak-korktondurulot/
- Published: 2026-06-19T10:48:44.000Z
- Updated: 2026-06-19T10:48:43.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын Шаардык дизайн бөлүмүнүн адистери тарабынан шаардын батыш бөлүгүндө, Ю.Фучик көчөсүндөгү №54 орто мектептин жанында жайгашкан сейил бакты көрктөндүрүү боюнча эскиздик долбоор иштелип чыкты.**

Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, долбоорлоо жүргүзүлгөн аймактын жалпы аянты 1,3 га түзөт. Долбоордун негизги максаты - шаар тургундары жана коноктору үчүн заманбап, коопсуз, функционалдык жана эстетикалык жактан жагымдуу коомдук эс алуу мейкиндигин түзүү, ошондой эле аймактын архитектуралык-ландшафттык сапатын жогорулатуу.

Сейил бактын аймагы төмөнкү функционалдык жайларга бөлүнгөн:

эс алуу жайы (отургучтар, көлөкө чатырлар);

балдар ойноочу аянтча;

воркаут (спорттук) жайы;

амфитеатр;

жөө жүрүү жана велосипед жолдору;

унаа токтотуучу аймак.

> *Аймакта учурдагы бак-дарактардын негизги бөлүгү сакталып калат. Кошумча түрдө жергиликтүү климатка ылайык келген жаңы бак-дарактардын жана декоративдик өсүмдүктөрдүн көчөттөрү отургузулат. Жашылдандыруу аянты 5 064 м² түзөт.*

Сейил бакта эки түрдүү жарыктандыруу шаймандары, эки типтеги отургучтар, таштанды урналары жана көлөкө берүүчү конструкциялар каралган. Бардык элементтер бирдиктүү архитектуралык стилде жайгаштырылды.