> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Цемент заводго инженердик текшерүү жүргүзүлдү
- URL: https://im.kg/koom/2026/06/19/tsement-zavodgo-inzhenerdik-teksheruu-zhurguzuldu/
- Published: 2026-06-19T05:15:09.000Z
- Updated: 2026-06-19T05:15:08.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун Түштүк башкармалыгы тарабынан Ноокат районундагы цемент заводуна кошумча курулган өндүрүштүк блоктун имаратына инженердик текшерүү жүргүзүлдү.**

Курулуш министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, текшерүү Кулатов айыл аймагында жайгашкан “Түштүк Кыргыз цемент” заводунда өткөрүлдү. 

> *Адистер долбоордук документтер менен таанышып, имараттын конструкцияларынын ишенимдүүлүгүн жана сейсмикалык коопсуздук талаптарынын шайкештигин баалоо максатында конструкциялык элементтерге тиешелүү техникалык өлчөөлөрдү жүргүздү.*

Текшерүүнүн жыйынтыгында институт тарабынан курулуш конструкцияларынын техникалык абалы боюнча корутунду даярдалып, аларды мындан ары пайдалануу боюнча сунуштар иштелип чыгат.