> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн ишканаларга 1 млн сомдон ашык айып пул салынды
- URL: https://im.kg/koom/2026/06/20/myizamsyz-kurulush-zhurguzgon-ishkanalarga-1-mln-somdon-ashyk-aiyp-pul-salyndy/
- Published: 2026-06-20T05:46:46.000Z
- Updated: 2026-06-20T05:46:45.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгы тарабынан Чолпон-Ата шаарында жүргүзүлгөн көзөмөлдөө иш-чараларынын жүрүшүндө бир катар коомдук тамактануу объектилеринде, конок үйлөрдө жана май куюучу жайда мыйзам бузуулар аныкталды.**

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, объектилерде курулуш иштери уруксат берүүчү документтерсиз жүргүзүлүп, курулуш ченемдери жана техникалык талаптары сакталбай келген.

> *Курулуш иштерин жүргүзүп жаткан жеке ишкерлер А.М., Н. Б., “Интегра Констракшн”, “СХ” ЖЧКлары жана “Jolgo” ишканаларына жалпы суммасы 1 053 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.*

Ошондой эле мыйзам бузууларды жоюу жана объектилерди белгиленген талаптарга ылайык келтирүү боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди.